ТИМ башчысы Кулубаев ЖККУнун биргелешкен жыйынына катышты
КРнын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) уставдык органдарынын биргелешкен жыйынына катышты.
ТИМдин маалыматына ылайык, иш-чара 10-ноябрда Москва шаарында өттү.
Жыйында ЖККУнун жоопкерчилик аймагындагы аскердик-саясий кырдаал, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу чакырыктары, ошондой эле Уюмдун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча пикир алмашуу болду.
Өз сөзүндө Кулубаев Борбордук Азиядагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине көңүл буруп, терроризмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, уюшкан кылмыштуулукка жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жыйындын катышуучулары Россиянын ЖККУга төрагалыгынын жыйынтыктарына оң баа беришти. Алар 2027-жылы Тажикстандын алдыдагы төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жактырылган документтердин долбоорлору бүгүн Москва шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизилет.
Аталган жыйынга президент Садыр Жапаров катышары маалымдалган.