Кара-Кечеде кар жаап, көмүр жүктөө убактылуу токтотулду
Кара-Кече көмүр кенинде кар жаагандыгына байланыштуу жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ушуга байланыштуу көмүр жүктөө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ААК маалымдады.
Ишкана айдоочуларга жолдор тайгак болгондуктан, коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет. Кара-Кечеге багыт алган айдоочулардан унааларынын дөңгөлөктөрүнө чынжыр тагып, жолдо керектелүүчү шаймандарды ала келүү сунушталды.
Маалым болгондой, жолдор толук тазалангандан кийин көмүр жүктөө иштери кадимки тартипте улантылат.
"Кыргызкөмүр" ААК айдоочуларды этият болууга жана жол коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу