Кыргызгидромет: Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет: Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 28-май күнү өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кээ бир аймактарда нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт. Ага байланыштуу сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Билдирүүгө караганда, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 75–90-чакырымдарында, тактап айтканда Чоң-Ашуу ашуусунда кар жаашы жана кар көчкү түшүү коркунучу бар экени болжолдонууда. Бул аймак деңиз деңгээлинен 3400–3900 метр бийиктикте жайгашкан.

Түнкүсүн жолдордо муз тоңуу коркунучу да сакталат.

Ушуга байланыштуу айдоочуларга кар көчкү коркунучу бар тилкелерде өзгөчө этият болуу, ошондой эле унаалардын ортосундагы аралыкты кеминде 500 метр сактоо сунушталат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Коомдук талкуу: жумуш издегендерден ишке орноштуруу үчүн акы алууга тыюу салынат

Коомдук талкуу: жумуш издегендерден ишке орноштуруу үчүн акы алууга тыюу салынат

Кыргызстанда жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишин жөнгө салган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин максаты — агенттиктердин ишин мыйзамдык негизде тартипке келтирүү, жумуш издегендердин жана кызматкерлердин укуктарын коргоо жана эмгек рыногун өнүктүрүү. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бул долбооруна ылайык, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине жумуш издегендерден ишке

Ишкер Media
Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Кыргызстанда жарандык авиация өлкөнүн транспорттук жана социалдык инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Жыл сайын 7- октябрда Жарандык авиация күнү белгиленет. Бүгүн Улуттук статистика комитети аталган тармактын майрамын утурлай, алардын ишин цифралар менен чагылдырып берди. Билдирүүгө карата бүгүнкү күндө “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынын курамында 11 аэропорт бар. Анын ичинен 6сы эл аралык,

Ишкер Media
18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү

18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү

Өлкөгө уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлуп, алынган товардын баасы 18 миллион сомдой экенин Бишкек ШИИББден кабарлашты. Маалыматка ылайык, чет мамлекеттик каттоо белгилери бар Toyota Land Cruiser унаасы токтотулуп, андагы түйүнчөктөр менен кутулар текшерилген.  Билдирүүгө караганда, унаадан жалпы 358 даана уюлдук телефон, анын ичинен 249 даана iPhone, 109

Ишкер Media
“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы

“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы

Талас районунун Манас айылынын тургуну, 56 жаштагы ишкер Марс Ботиков өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка жана ишкерликке арнаган. Беш баланын атасы өз күчү менен фермердик чарбасын түптөп, асыл тукум малды көбөйтүп, сүт өндүрүшүн жолго коюп, келечекте сүттү кайра иштетүүчү завод ачууну пландап келет. Бирок анын айтымында, бул пландарын ишке

Ишкер Media