Акыркы коңгуроодогу коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 2 миңден ашуун тартип сакчы тартылды

Акыркы коңгуроодогу коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 2 миңден ашуун тартип сакчы тартылды

Быйыл борбор калаадагы мектептерди болжол менен 34 миң бүтүрүүчү аяктап жатат. Майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын 2 миңден ашуун кызматкери көзөмөлдөө ишине тартылды.

Бүгүн Бишкек шаарынын ИИББнын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын өздүк курамы Ала-Тоо борбордук аянтында саптык кароо жана нускама берүү иш-чарасына чогулушту. Саптык кароо борбор калаанын жалпы билим берүү мекемелеринде өтө турган “Акыркы коңгуроо” майрамына карата уюштурулгандыгын Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө борбордук милициянын жетекчиси өздүк курамга бир катар маанилүү тапшырмаларды берди. Атап айтканда, ар бир кызматкер жарандардын, өзгөчө балдар менен өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүү, өзгөчө кырдаалдардын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди уюштуруу тапшырылды.

Ошондой эле өспүрүмдөрдүн транспорт каражаттарын мыйзамсыз айдоосуна бөгөт коюу, жол кырсыктарын жана автоээнбаштык көрүнүштөрүн алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, өздүк курамга кызмат өтөө учурунда жеке коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу, калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүү, ошондой эле суу сактагычтарда, каналдарда, бассейндерде жана башка суу жээктеринде кырсыктардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү милдеттендирилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Кыргызстанда жарандык авиация өлкөнүн транспорттук жана социалдык инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Жыл сайын 7- октябрда Жарандык авиация күнү белгиленет. Бүгүн Улуттук статистика комитети аталган тармактын майрамын утурлай, алардын ишин цифралар менен чагылдырып берди. Билдирүүгө карата бүгүнкү күндө “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынын курамында 11 аэропорт бар. Анын ичинен 6сы эл аралык,

Ишкер Media
18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү

18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү

Өлкөгө уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлуп, алынган товардын баасы 18 миллион сомдой экенин Бишкек ШИИББден кабарлашты. Маалыматка ылайык, чет мамлекеттик каттоо белгилери бар Toyota Land Cruiser унаасы токтотулуп, андагы түйүнчөктөр менен кутулар текшерилген.  Билдирүүгө караганда, унаадан жалпы 358 даана уюлдук телефон, анын ичинен 249 даана iPhone, 109

Ишкер Media
“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы

“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы

Талас районунун Манас айылынын тургуну, 56 жаштагы ишкер Марс Ботиков өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка жана ишкерликке арнаган. Беш баланын атасы өз күчү менен фермердик чарбасын түптөп, асыл тукум малды көбөйтүп, сүт өндүрүшүн жолго коюп, келечекте сүттү кайра иштетүүчү завод ачууну пландап келет. Бирок анын айтымында, бул пландарын ишке

Ишкер Media
Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ош шаарында мектептен алыс жашаган окуучулар үчүн алгачкы атайын балдар автобустары каттамга чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев окуучулар менен бирге автобуста жүрүп, анын шарттары менен таанышты. Мэрдин айтымында, автобуска 28 окуучу батат. Азырынча тестирлөө үчүн 2 автобус иштеп жатат. Жакынкы айларда дагы

Ишкер Media