Канат Сагынбаев ЕАЭБде кызматкерлердин санариптик профилин өнүктүрүүнү сунуштады

Канат Сагынбаев ЕАЭБде кызматкерлердин санариптик профилин өнүктүрүүнү сунуштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Астанада өткөн V Евразиялык экономикалык форумдун алкагында кызматкерлердин санариптик профилин өнүктүрүү боюнча баяндама жасады.

Министр “Санариптик кызматкер профили: чек арасыз эмгек стажы жана квалификация” аттуу темада сүйлөп, Евразиялык экономикалык биримдиктин жалпы эмгек рыногун өнүктүрүүдө санариптик трансформациянын маанисин белгиледи.

Анын айтымында, санариптик кызматкер профили жарандардын эмгек стажы, квалификациясы жана кесиптик компетенциялары тууралуу маалыматтарды бириктирген бирдиктүү система болуп саналат.

Канат Сагынбаев форумдун катышуучуларына Кыргызстанда социалдык тармакты жана эмгек рыногун санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Алардын катарында бирдиктүү маалыматтык иш менен камсыз кылуу системасын киргизүү, электрондук эмгек келишимдерин жана электрондук эмгек китепчелерин колдонуу, ошондой эле “Түндүк” ведомстволор аралык системасын өнүктүрүү бар.

Сөзүнүн соңунда министр Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен эмгек мобилдүүлүгү жана жумуш менен камсыз кылуу жаатындагы санариптик инструменттерди өнүктүрүү боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ош шаарында мектептен алыс жашаган окуучулар үчүн алгачкы атайын балдар автобустары каттамга чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев окуучулар менен бирге автобуста жүрүп, анын шарттары менен таанышты. Мэрдин айтымында, автобуска 28 окуучу батат. Азырынча тестирлөө үчүн 2 автобус иштеп жатат. Жакынкы айларда дагы

Ишкер Media
Кадамжайда сүттү кайра иштетүү жана мөмө сактоо иштери күчөтүлүүдө

Кадамжайда сүттү кайра иштетүү жана мөмө сактоо иштери күчөтүлүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Кадамжай районунда болуп, бир катар объектилердин иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, иш сапарда Акимжанова "Рахат" фермердик чарбасына караштуу "Рахат Таң" сүт заводун көрүп чыкты. Завод

Ишкер Media
2026-жылдын 9 айында бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түздү

2026-жылдын 9 айында бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түздү

Ушул жылдын 9 айында республикалык бюджеттин кирешеси 608,1 млрд сомду түзүп, пландалган көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго же 103,9% аткарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Төрага аппараттык кеңешме өткөрүп анда Мамлекеттик салык кызматы 259,8 млрд сом, Мамлекеттик бажы кызматы 139 млрд сом чогултканын айтты.

Ишкер Media
Жумушчу кулап, Бишкекте курулуш компаниясына айып салынды

Жумушчу кулап, Бишкекте курулуш компаниясына айып салынды

Бишкектин Юнусалиев көчөсүндөгү курулуш аянтында жумушчу иштеп жаткан убакта трос үзүлүп кеткендиктен, ал жогорку кабаттан 3-кабатка кулап түшкөн. Азыр жабырлануучу ооруканада. Окуя боюнча Курулуш министрлиги ыкчам текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлгөнүн маалымдады. Текшерүүнүн жүрүшүндө асма платформасына (люлька) ашыкча жүк жүктөлгөндүктөн, конструкцияга күч келип, 6-кабаттан үзүлүп, куруучу кулап кеткен.

Ишкер Media