Кыргызстанда инюь айынан тарта бизнеске жана мамлекеттик органдарга тиешелүү өзгөртүүлөр кирет

Кыргызстанда инюь айынан тарта бизнеске жана мамлекеттик органдарга тиешелүү өзгөртүүлөр кирет

2026-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстанда жарандарга, бизнеске жана мамлекеттик органдарга тиешелүү бир катар жаңы эрежелер жана өзгөртүүлөр күчүнө кирди. "Ишкер медиа" алардын айрымдарын эсиңиздерге салуу иретинде тизмектеди.

-        Фермерлер эми жеңилдетилген насыя алыш үчүн онлайн негизде кайрыла алышат. 1-июндан тартып айыл чарба өндүрүүчүлөрүн каржылоо боюнча арыздарды кагаз түрүндө кабыл алуу токтотулду. Эми дыйкандар жеңилдетилген насыя алуу үчүн айыл-чарба министрлиги иштеп чыккан i-Dyikan санарип платформасы аркылуу онлайн катталып, документтерин тапшыра алышат.

-        ЕЭБ мүчө мамлекеттерден РФнын аймагына товарларды алып кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирет. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына таянсак, товарларды РФна экспорттоодо тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары жеткириле турчу товарлар жөнүндө электрондук документти тариздөө россиялык импорттоочу тарабынан жүргүзүлөрүн эске алышы керек. Россиянын Федералдык бажы органдарынын талабы боюнча QR-код жок болсо же жеткириле турчу товарлар жөнүндө документте көрсөтүлгөн маалыматтар дал келбесе, жүк ташуучу унаа товары менен РФнын аймагына киргизилбейт.

-        Боршайкомдун курамы кыскартылды. «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамга  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөгө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы 12 мүчөдөн 8 мүчөгө чейин кыскартылды.

-        Жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктоочу жаңы автоматташтырылган комплекстер ишке кирет. Жол эрежелерин көзөмөлдөө күчөтүлүп, өлкө боюнча жол кыймылынын эрежелерин автоматтык түрдө каттоога алуучу жаңы фото жана видеокөзөмөл камералары орнотула баштайт. Алар ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу жана башка мыйзам бузууларды аныктоого багытталган.

-        Убактылуу айдоочулук күбөлүктөр берилет. Жаңы эрежеге ылайык, авто мектепте кеминде 4 ай окуп, экзаменден өткөн жарандарга 6 ай мөөнөткө жарактуу убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет. Бул документ электрондук форматта болуп, Кыргызстандын аймагында гана колдонулат. Алты айлык сыноо мезгилинде жол эрежелерин үчтөн аз бузган айдоочулар гана туруктуу айдоочулук күбөлүк алууга укуктуу. Эгер айдоочу жол эрежесин үч же андан көп жолу бузса, анын убактылуу күбөлүгү жокко чыгарылып, ал кайрадан авто мектептен окуудан өтүүгө милдеттүү болот.

-        1-июндан 1-сентябрга чейин Кыргызстанда абанын температурасы +28°Cден жогору болгондо салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга саат 10:00дөн 20:00гө чейин жүрүүгө чектөө киргизилет. Чара жолдорду ысыктан коргоо максатында кабыл алынууда. Чектөө автобустарга, гуманитардык жана тез бузулуучу азык-түлүк жүктөрүн ташыган унааларга тиешелүү эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Ош аэропортунан 1,2 млн сомдук тыюу салынган продукция табылды

Ош аэропортунан 1,2 млн сомдук тыюу салынган продукция табылды

Мамлекеттик салык кызматы Ош шаарында тыюу салынган продукцияны алып кирүү аракетин аныктады. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, аэропорттун текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда курамында никотин бар 2 497 даана чайноочу аралашма (снюс) табылган. Анын баасы 1 млн 200 миң сомдон ашат. Факты боюнча акт түзүлүп, материалдар

Ишкер Media
Кыргызстан BBNJ макулдашуусун ишке ашырууда

Кыргызстан BBNJ макулдашуусун ишке ашырууда

6-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы – Глобалдык экологиялык фонддун (БУУӨП-ГЭФ) BBNJ макулдашуусун ишке ашырууга даярдык долбоорунун ачылыш семинары өттү. Бул тууралуу өлкөдөгү Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстан бул макулдашууга 2025-жылы 17-июлда кол койгон, ал 2026-жылы 17-январда күчүнө кирген. Макулдашуу улуттук

Ишкер Media
Ысык-Атада таштанды өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып салынды

Ысык-Атада таштанды өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып салынды

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында таштанды жана кургак чөп өрттөгөн ишканага айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундун видео кайрылуусунан кийин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгы рейддик текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө ишкананын аймагында таштанды, кургак чөп жана жалбырак өрттөлгөнү аныкталды. Мыйзам бузуу үчүн

Ишкер Media
Президент өлкөдө 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж экенин айтты

Президент өлкөдө 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж экенин айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышын жасады. Маалым болгондой, Нарын шаарында алгачкы жолу 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекси пайдаланууга берилет. Турак жай комплекстеринде балдар

Ишкер Media