Өз билемдик менен курулуп жаткан өндүрүш цехтеринин курулуш иштери токтотулду

Өз билемдик менен курулуп жаткан өндүрүш цехтеринин курулуш иштери токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуунегизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Күнгөй тилкесинде жайгашкан өндүрүш цехтеринин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды.

Тактап айтканда, пластик жана таш өндүрүүчү цехтердин курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. 
Мындан тышкары, курулуп жаткан объектилер курулуш объектилеринин мамлекеттик реестрине катталган эмес. Бул фактылар “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын одоно бузуу болуп саналат.

Жыйынтыгында, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жаран Р.Т.га жана “Муслим Таш” ЖЧКсына карата милдеттүү көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле жалпы суммасы 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчысы кол койду. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү катары иш алып барат. Ошондой эле Жарлыкка ылайык, ага 2026-жылдын 31-декабрына чейин Министрлер

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасына барып, капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана жаңы алынган атайын техникалар менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1978-жылы курулган автобаза имараты көп жылдар бою капиталдык оңдоодон өтпөй, анын техникалык жана өндүрүштүк базасы эскирип калган.

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу жайлоолорго кар жаап, айрым аймактарда кардын калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өзгөчө Арпа өрөөнүндө калың кар түшүп, жайлоодогу малчылардын ишине кыйынчылык жаралган. Айрым маалыматтар боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам мал арасында жоготуулар да каттала баштаган.

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жаңы муунун калыптандырууга багытталган "Жаш кадрлар мектеби" долбоорунун катышуучулары менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаштардын орду, мамлекеттик кызматка кесипкөй кадрларды тартуу жана келечектеги лидерлерди даярдоо маселелери талкууланды. Улан Маматканов бүгүнкү күндө Кыргызстан