Адылбек Касымалиев Баткендеги социалдык мекемелердин абалын көзөмөлдөдү

Адылбек Касымалиев Баткендеги социалдык мекемелердин абалын көзөмөлдөдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапарында Баткен облусуна барып, Лейлек районундагы бир катар маанилүү мекемелердин шарттары менен таанышты.

Алгач өкмөт башчы Лейлек райондук жалпы дарыгердик практика борборунун учурдагы ишмердүүлүгүн көрүп чыкты. Маалыматка ылайык, 2025-жылы борбордун терапия бөлүмүнүн имараты авариялык абалга кептелип, бөлүм жабылган. Учурда терапия бөлүмү негизги имараттын экинчи кабатына көчүрүлүп, убактылуу иштеп жатат.

Медициналык кызматкерлер неврология жана терапия бөлүмдөрү үчүн өзүнчө жаңы имарат куруу зарылдыгын белгилешти. Адылбек Касымалиев бул маселени чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды.

Иш сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Булак-Башы айылындагы "Мега Газоблок КейДжи" ишканасынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. Ишкана суткасына 1200 куб метрге чейин сапаттуу газоблок өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Белгиленгендей, мындай өндүрүштүн ишке кириши чек арага жакын жайгашкан айылдардын экономикалык өнүгүшүнө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.

Жолугушуунун жыйынтыгында аталган аймактарга көчүп келген жарандар үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, социалдык объектилердин курулушун өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү жооптуу органдарга тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден кабарлады. Маалыматка караганда, отурумда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Министрлер

Ишкер Media
Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Кыргызстанда кайра инвестицияланган пайдага, кошумча наркы жогору жана технологиялык терең кайра иштетүүгө негизделген продукцияларды чыгарган ишканаларга салык салуу эрежелерин жеңилдетүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алган жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөткөн тең салмактуу саясат жүргүзүлөрүн айтты. Анын белгилешинче, санариптик чечимдерди киргизүү

Ишкер Media
КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media