ЕАЭБдин жасалма интеллект боюнча форуму Кыргызстанда өтөт

ЕАЭБдин жасалма интеллект боюнча форуму Кыргызстанда өтөт

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында ЕАЭБ алкагында жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүү боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов билдирди.

Астанада өткөн V Евразиялык экономикалык форумдун негизги темасы "ЕАЭБ глобалдык санариптик жарышта: жасалма интеллектке коюм" болду. Форумда электрондук соода, санариптештирүү, логистика жана эмгек рыногу боюнча 30га жакын сессия өттү.

Султан Ахматовдун айтымында, жыйында жалпысынан 18 маселе каралып, үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, Тунис менен эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жана агрардык долбоорлорду каржылоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле 2027-жылы кезектеги Евразиялык экономикалык форум Кыргызстанга өткөрүлөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Бакыт Сыдыков санкциялык саясат боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчысы кол койду. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлү катары иш алып барат. Ошондой эле Жарлыкка ылайык, ага 2026-жылдын 31-декабрына чейин Министрлер

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасына барып, капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана жаңы алынган атайын техникалар менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1978-жылы курулган автобаза имараты көп жылдар бою капиталдык оңдоодон өтпөй, анын техникалык жана өндүрүштүк базасы эскирип калган.

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Ат-Башынын жайлоолоруна кар жаап, малчыларга чөп жеткириле баштады

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бийик тоолуу жайлоолорго кар жаап, айрым аймактарда кардын калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өзгөчө Арпа өрөөнүндө калың кар түшүп, жайлоодогу малчылардын ишине кыйынчылык жаралган. Айрым маалыматтар боюнча, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам мал арасында жоготуулар да каттала баштаган.

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жаңы муунун калыптандырууга багытталган "Жаш кадрлар мектеби" долбоорунун катышуучулары менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаштардын орду, мамлекеттик кызматка кесипкөй кадрларды тартуу жана келечектеги лидерлерди даярдоо маселелери талкууланды. Улан Маматканов бүгүнкү күндө Кыргызстан