Кыргызстан менен Кытай инженердик багыттагы өнөктөштүктү бекемдөөдө
27-30-май күндөрү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин кызматкерлери Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясына жумушчу иш сапары менен барышты.
Ведомственен маалыматына ылайык, сапардын алкагында делегация Цзинань шаардык долбоорлоо-конструктордук институтунун, Jinan Urban Construction Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү жана атайын техникаларды өндүрүүчү ишканалардын адистери менен жолугушту.
Ошондой эле кыргыз тарап Цзинань шаарындагы инфраструктуралык объекттерди жана өндүрүш ишканаларын кыдырып, инженердик изилдөөлөр, курулуш жана шаардык өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар менен таанышты.
Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана адистердин ортосунда тажрыйба алмашууну кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишти.

