Ат-Башыда инвестиция жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр талкууланды
5-ноябрда Ат-Башы районунда төртүнчү ирет инвестициялык бизнес-форум өтүп, ишкерлерди, дыйкандарды жана инвесторлорду бириктирди. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, форумда картошка өндүрүшүн көбөйтүү, биожер семирткичтерди колдонуу, топоз багуучулар ассоциациясын түзүү, чакан ГЭСтерди куруу жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлору талкууланды.
Ошондой эле эт, бал, балык, сүт, картошка, дары чөптөр, мөмө-жемиш жана туризм боюнча сегиз кластерди өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Райондун органикалык аймак макамына өткөнү өзгөчө белгиленди.
Учурда 170 тонна бал жана картошканын тогуз сортунан 940 тонна түшүм өндүрүлгөн.
Иш-чаранын алкагында жергиликтүү продукциялардын көргөзмө-жарманкеси уюштурулуп, жыйынтыгында экономикалык келишимдерге кол коюлуп, резолюция кабыл алынды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу