Кыргызстанда агрокамсыздандыруу программасы ишке киргизилди

Кыргызстанда агрокамсыздандыруу программасы ишке киргизилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Кыргызстанда агрокамсыздандыруу программасын ишке киргизди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Пилоттук долбоордун алкагында агрокамсыздандыруу өлкөнүн 3 облусунда жүргүзүлөт:
  • Чүй облусу.
  • Ысык-Көл облусу
  • Ош облусу
Программанын алкагында күздүк буудайдын эгин аянттарын жана түшүмүн камсыздандыруу каралган.

Долбоор дыйкандарды колдоого жана алардын айыл чарба ишмердүүлүгүн ар кандай тобокелдиктерден коргоого багытталган.

Кененирээк маалымат алуу үчүн: +996 553 733 077 (WhatsApp)

Агрокамсыздандыруу (айыл чарбасын камсыздандыруу) —бул дыйкандардын, фермерлердин жана агро-ишкерлердин жаратылыш кырсыктарынан, аба ырайынын жагымсыз шарттарынан же башка күтүлбөгөн окуялардан улам тарткан зыяндарын калыбына келтирүүчү атайын финансылык коргоо системасы.

Анын негизги максаты — күтүлбөгөн кырсыктар учурунда айыл чарба кызматкерлерин банкрот болуудан сактап калуу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 6 тилкелүү жол жана заманбап транспорттук түйүн курулууда

Нарында 1 346 гектар эсепке алынбаган айыл чарба жерлери аныкталды

Президенттин пресс катчысы телефон чалып, акча сурап жатабы?

Ат-Башыда инвестиция жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр талкууланды

Баткенде турак жайды камсыздандыруу түшүндүрүлдү