Ошто 6 тилкелүү жол жана заманбап транспорттук түйүн курулууда

Ошто 6 тилкелүү жол жана заманбап транспорттук түйүн курулууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев жана Данияр Толонов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында шаарда ишке ашырылып жаткан жана курулушу пландалган ири инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, калаа башчысы Жанарбек Акаев эл өкүлдөрүнө курулуш иштеринин жүрүшү, жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаңы социалдык объектилерди куруу боюнча маалымат берди.

Иш сапардын жүрүшүндө депутаттар "Достук" айлампасында курулуп жаткан заманбап транспорттук түйүндүн, 6 тилкелүү Б. Осмонов көчөсүнүн жана А. Сүйүмбаев атындагы стадиондун абалы менен таанышты.

Маалыматка ылайык, "Достук" айлампасындагы долбоордун алкагында транспорттук түйүн, 4 пандус, 8 тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгү курулат. Долбоор жол тыгындарын азайтууга, унаа кыймылын жакшыртууга жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Мындан тышкары, шаар мэри заманбап "Ош Арена" спорттук-маданий комплексинин курулушу башталарын билдирди. Аталган объект спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Өз кезегинде депутаттар шаардагы инфраструктуралык долбоорлор менен таанышып, жол-транспорт тармагын жаңылоо жана заманбап спорттук объектилерди куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл бурушту.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткен менен Кытай инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн 3 жаран кармалды

Бишкекте Дүйнөлүк банктын НПИС долбоорун колдоо миссиясы башталды

Нарында 1 346 гектар эсепке алынбаган айыл чарба жерлери аныкталды

Президенттин пресс катчысы телефон чалып, акча сурап жатабы?