Нарында 1 346 гектар эсепке алынбаган айыл чарба жерлери аныкталды

Нарында 1 346 гектар эсепке алынбаган айыл чарба жерлери аныкталды

Нарын районунда жалпы 1 346 гектар эсепке алынбаган айыл чарба багытындагы жерлер аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Анын 18,29 гектары чабынды жерлер, 864,15 гектары кайрак жерлер, 483,85 гектары сугат жерлер жана 14 гектары калктуу конуштардын жерлери болгон.

Билдирүүгө караганда, аталган тилкелер УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында түзүлгөн мекемелер аралык комиссия тарабынан жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгында аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн жерлердин басымдуу бөлүгү 20 жылдан ашык убакыттан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ижара келишими түзүлбөстөн, жарандар тарабынан акысыз пайдаланылып келгени белгилүү болгон.

Жер тилкелерин мыйзамдуу жүгүртүүгө кайтаруу жергиликтүү бюджетке кошумча каражаттардын түшүшүн камсыз кылып, айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө, жерди ак ниет пайдаланган жарандарды тартууга шарт түзүп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өз салымын кошот.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткен менен Кытай инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн 3 жаран кармалды

Бишкекте Дүйнөлүк банктын НПИС долбоорун колдоо миссиясы башталды

Ошто 6 тилкелүү жол жана заманбап транспорттук түйүн курулууда

Президенттин пресс катчысы телефон чалып, акча сурап жатабы?