Ошто курулуп жаткан 17 мектептин бири пайдаланууга берилди

Ошто курулуп жаткан 17 мектептин бири пайдаланууга берилди

Ош шаарында жаңы 148 орундуу мектептин кошумча корпусу пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Бекмырза Эргешов, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү тургундар жана мугалимдер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри Жанарбек Акаев балдардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттарды түзүү боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, жакын арада окуучулардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо максатында атайын мектеп автобустары ишке киргизилет.

Белгиленгендей, аталган мектеп учурда Ош шаарында курулуп жаткан 17 билим берүү мекемесинин бири болуп саналат.

№49 негизги билим берүүчү мектеп Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан. Жаңы кошумча корпус пайдаланууга берилгенден кийин билим берүү мекемеси жалпы 630 окуучуга ылайыкталды.

Мектепте окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, объект жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 226 млн сомду түздү. Жаңы мектеп заманбап талаптарга