Таиланддан адам өлтүрүүгө шектелген эки кыргызстандык алынып келди

Таиланддан адам өлтүрүүгө шектелген эки кыргызстандык алынып келди

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен жүргүзүлгөн кызматташтыктын натыйжасында адам өлтүрүүгө айыпталган эки кыргызстандык жаранды Таиланд Королдугунан өлкөгө алып келди.

Маалыматка ылайык, Н.А. жана Р.А. аттуу жарандар чет өлкөлүк жаранды өлтүргөндүгү үчүн айыпталып, кылмыш жасалгандан кийин тергөөдөн жашырынып кетишкен. Буга байланыштуу аларга эл аралык издөө жарыяланган.

Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөр Таиланд Королдугунун аймагында кармалып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилди.

Учурда айыпталуучулар кылмыш иши боюнча мындан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн тергөө абагына киргизилди.

Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигинен качып, өлкөдөн тышкары жашырынып жүргөн адамдарды аныктоо, кармоо жана экстрадициялоо боюнча иштер улантылып жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга