Адылбек Касымалиев Баткендеги ири долбоорлор менен таанышты

Адылбек Касымалиев Баткендеги ири долбоорлор менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткенге болгон жумуш сапарынын алкагында Бүргөндү магистралдык каналындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн жана “Охна” чакан ГЭСинин курулушун көрүп чыкты.

Кадамжай районундагы Бүргөндү магистралдык каналын кайтадан жабдып, суу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн 18 м³/секундадан 30 м³/секундага чейин көбөйтүү мерчемделүүдө. Долбоор көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу үч үлүшкө бөлүнүп ишке ашырылып жатат.

Ошондой эле өкмөт башчысы Орозбеков айыл аймагында курулуп жаткан “Охна” чакан ГЭСиндеги иштер менен таанышты. Долбоордун жалпы сметалык баасы 30 млн АКШ долларын түзүп, станциянын кубаттуулугу 22 МВт болот.

Сапардын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген