Кыргыз-австрия кызматташтыгы: Глобалдык тоо саммити талкууланды

Кыргыз-австрия кызматташтыгы: Глобалдык тоо саммити талкууланды

Нью-Йоркто кыргыз-австрия кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Австриянын Европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Беате Майнль-Райзингер менен жолукту. Аталган жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде австриялык тараптын демилгеси менен өткөн эки министрдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн уландысы болду.

Тараптар эл аралык деңгээлде тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерге өзгөчө көңүл бурушту.

Анын ичинде 2027-жылы октябрда Бишкекте өткөрүү пландалып жаткан экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү жана аны өткөрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги орчундуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын