Кыргызстан менен ЕРӨБ кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен ЕРӨБ кызматташууну кеңейтет

3-июнда Финансы министрлигинде министр Руслан Суйналиев менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргыстан , Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча регионалдык жетекчиси Айтен Рустамованын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕРӨБдүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектеги багыттары талкууланды.

Тараптар Алкактык макулдашуунун долбоору, ошондой эле Ош шаарындагы коомдук транспортту электрлештирүү жана Орловка шаарынын, Түп, Сузак жана Кочкор райондорунун суу менен камсыздоо жана канализация системаларын жаңылоо долбоорлору боюнча пикир алмашышты.

Финансы министри өлкөдө социалдык маанидеги жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу үчүн ЕРӨБгө ыраазычылык билдирип, кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары бекемдөө максатында өз ара кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

DemirBankтан 100 000 сомго чейинки кэшбек менен ипотека

РФнын 8 аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө чектөө киргизүү пландалууда

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылган жаран 10 миң сом айыпка жыгылды

Бишкек шаарынын тургундары мэрия өкүлдөрү менен жолугушту

Чүйдөгү абакта электр прожекторлорун өндүрүүчү жаңы цех ишке кирди