Манастагы президенттик лицейдин курулушу 65 %га аяктады

Манастагы президенттик лицейдин курулушу 65 %га аяктады

Манас шаарында курулуп жаткан “Акылман” президенттик лицейи курулушу жаңы окуу жылына чейин аяктайт. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаевдин мекемедеги иштердин жүрүшү менен таанышуусунда маалым болду.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, билим берүү комплекси заманбап шарттары жана ири масштабы менен айырмаланат. Долбоордун жалпы баасы 2 млрд 160 млн сомду түзөт.

Лицей 360 окуучуга ылайыкталып, 35 заманбап классты камтыйт. Ошондой эле 420 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн 25 батирлүү турак жай, ашкана, китепкана, жыйын залы, спорт зал жана бассейн курулууда.

Учурда курулуш иштеринин 65 пайызы аяктаган. Исламбек Увайдуллаев курулуш компаниясына объектти 2026–2027-окуу жылы башталганга чейин бүткөрүүнү жана иштердин темпин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу жана бардык иштерди мамлекеттик талаптарга ылайык аткаруу зарылдыгы белгиленди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген