Нарында жаңы калкты тейлөө борбору курулууда

Нарында жаңы калкты тейлөө борбору курулууда

Ак-Талаа районунун Баетов айылында заманбап калкты тейлөө борборунун курулушу жүрүп жатат. Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда.

Маалыматка ылайык, имарат параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен курулуп, жалпы аянты 2215 чарчы метрди түзөт. Борбор жер төлөсү менен кошо үч кабаттан туруп, жарандарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн бардык шарттар менен камсыздалат.

Министрликтин айтымында, курулуш иштери октябрда башталган. Учурда имаратта иштер бекитилген шарттамага ылайык жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле курулуштун сапаты жана ар бир этабы тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттырууга жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөр колдоо тапты

Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөр колдоо тапты

3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Демилгечи — Министрлер кабинетинин төрагасы. Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиевдин айтымында, документ калктуу конуштардагы, анын ичинде шаарлардагы дренаждык системалардын иштешин жакшыртууга жана сел, суу ташкыны сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин

Кыргызстан менен ЕРӨБ кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен ЕРӨБ кызматташууну кеңейтет

3-июнда Финансы министрлигинде министр Руслан Суйналиев менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргыстан , Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча регионалдык жетекчиси Айтен Рустамованын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕРӨБдүн ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектеги багыттары талкууланды. Тараптар Алкактык макулдашуунун долбоору, ошондой эле Ош шаарындагы коомдук транспортту электрлештирүү жана

Ноокатта 164 млн сомго мектеп салынууда

Ноокатта 164 млн сомго мектеп салынууда

Ноокат районунун Каранай айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Объекттин курулушу 2025-жылы башталган. Каржылоо республикалык бюджеттен каралып, долбоордун жалпы наркы 164 миллион сомду түзөт. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, башкы планга ылайык, мектеп үч блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп салынды. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык

Ошто алгачкы Жаштар борбору ачылды

Ошто алгачкы Жаштар борбору ачылды

3-июнда Ошто биринчи муниципалдык Жаштар борбору ачылды. Бул мекеме БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен курулуп, жаштар үчүн көп багыттуу билим берүү жана өнүгүү аянты катары иштейт. Үч кабаттуу имаратта тил курстары, кулинария мектеби, робототехника, шахмат жана лидерлик сабактары уюштурулган. Ошондой эле конференц-зал иштеп, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Жаңы