Ошто алгачкы Жаштар борбору ачылды

Ошто алгачкы Жаштар борбору ачылды

3-июнда Ошто биринчи муниципалдык Жаштар борбору ачылды. Бул мекеме БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен курулуп, жаштар үчүн көп багыттуу билим берүү жана өнүгүү аянты катары иштейт.

Үч кабаттуу имаратта тил курстары, кулинария мектеби, робототехника, шахмат жана лидерлик сабактары уюштурулган. Ошондой эле конференц-зал иштеп, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Жаңы борбор жаштардын билим алуусуна, чыгармачылык өнүгүүсүнө жана коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары, ачылыш аземинде Ош шаарынын мэри учурда калаада 13 жаңы гүл бакча курулуп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто балдардын өлүмүнүн санын азайтуу боюнча жыйын болду

Ошто балдардын өлүмүнүн санын азайтуу боюнча жыйын болду

Ош облусунда ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу маселелери боюнча штабдын жыйыны өтүп, ага Ош облусу боюнча саламаттык сактоо боюнча координатор Конуш Сакмаматов жана облустук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо  министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, балдардын өлүмүнүн учурдагы абалы, анын негизги себептери жана балдарга көрсөтүлүүчү

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы чоң көчөлөрдүн бири оңдолот

Каракол шаарындагы негизги көчөлөрүнүн бири болгон Алышбаев  көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдаады. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында Алышбаев көчөсү Карасаев көчөсүнөн баштап Чечерин көчөсүнө чейинки аралыгында узундугу 1 чакырым метр болгон жаңы эки тилкелүү асфальт жол курулат. Мындан тышкары, көчөнүн эки тарабына

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант –Токмок жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолуна асфальт басуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган унаа жолдо асфальттын экинчи  катмарын төшөө иштери кызуу жүрүп, 2 чакырымына асфальт басылып бүттү.  Аны менен катар Лермонтов көчөсүнөн баштап, Калинин көчөсүн көздөй ортодогу тосмолор орнотулуп жана жарыктандыруу мамычалары

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми