Өзгөндө мыйзамсыз курулуш үчүн 100 миң сом айып пул салынды

Өзгөндө мыйзамсыз курулуш үчүн 100 миң сом айып пул салынды

Өзгөн районунун Лесхоз айылында мыйзамсыз курулуш жана жер тилкесин өз билемдик менен кеңейтүү фактысы аныкталып, жооптуу тарапка 100 миң сом айып пул салынды.Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү Өзгөн райондук прокуратурасынын катынын негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Бишкек–Ош” унаа жолунун 631,55-чакырымында оор жүк ташуучу автоунааларды көзөмөлдөө үчүн орнотулган тараза пунктунун жанында укук күбөлөндүрүүчү документтери жок контейнерлер коюлуп, жер тилкеси мыйзамсыз кеңейтилгени аныкталган.

Аталган мыйзам бузуу боюнча акт түзүлүп, 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Натыйжада жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?