Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөр колдоо тапты

Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөр колдоо тапты

3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Демилгечи — Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиевдин айтымында, документ калктуу конуштардагы, анын ичинде шаарлардагы дренаждык системалардын иштешин жакшыртууга жана сел, суу ташкыны сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган.

Талкуу учурунда депутаттар табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштеринин натыйжалуулугун күчөтүү маселелерин көтөрүштү. Эл өкүлү Кубанычбек Самаков ӨКМ кызматкерлеринин штаттык санын көбөйтүү зарылдыгын белгилесе, Умбеталы Кыдыралиев шаарлардагы дренаждык системалардын үзгүлтүксүз иштешинин маанисине токтолду.
Ошондой эле депутат Эльвира Сурабалдиева өрткө каршы кызматтын материалдык-техникалык базасын чыңдап, бийик имараттардагы өрттөрдү өчүрүүгө ылайыкталган атайын техникаларды сатып алуу керектигин айтты. Ал эми Бурул Аманова жаан-чачындан улам жолдорду суу каптоо көйгөйүн көтөрүп, тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.

Мындан тышкары, жыйында «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамдын 24-беренесинин колдонулушун 2040-жылдын 1-январына чейин токтотуп туруу тууралуу мыйзам долбоору да биринчи окууда кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден кабарлады. Маалыматка караганда, отурумда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Министрлер

Ишкер Media
Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Кыргызстанда кайра инвестицияланган пайдага, кошумча наркы жогору жана технологиялык терең кайра иштетүүгө негизделген продукцияларды чыгарган ишканаларга салык салуу эрежелерин жеңилдетүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алган жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөткөн тең салмактуу саясат жүргүзүлөрүн айтты. Анын белгилешинче, санариптик чечимдерди киргизүү

Ишкер Media
КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media