Таза суу, коопсуздук жана санариптештирүү маселелери көтөрүлдү

Таза суу, коопсуздук жана санариптештирүү маселелери көтөрүлдү

3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар ар кыл социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүшүп, өзгөчө таза суу менен камсыздоо, коопсуздук, айыл чарбасын колдоо жана санариптик өнүгүү маселелерине көңүл бурушту.

Жыйында жаңы Ош базарынын инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында канализация жана саркынды сууларды чыгаруу системасын уюштуруу маселеси талкууланды. Ошондой эле Сокулук районундагы калктуу конуштарды борборлоштурулган канализация тармагына кошуу зарылдыгы белгиленип, жер астындагы суулардын коопсуздугуна басым жасалды.

Мындан тышкары, 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларынын катышуучуларына социалдык колдоону күчөтүү, алардын макамын тактоо, медициналык тейлөөнү жакшыртуу жана пенсиялык камсыздоону кеңейтүү сунуштары айтылды. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин материалдык жактан камсыздоо маселеси көтөрүлдү.

Жыйында телефондук жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык фактыларынын көбөйүшү да талкууга алынып, мамлекеттик органдарды бул кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырышты.

Айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдүн катарында сугат суунун жетишсиздиги жана дыйкандарды колдоо маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле Ноокат районундагы Кара-Кой жаратылыш паркында санариптик төлөм системаларын киргизүү сунушталды.

Жыйындын жүрүшүндө маалыматтык технологиялардын өнүгүшү жана жасалма интеллекттин таасири тууралуу да сөз болуп, мектептердин окуу программаларына санариптик сабаттуулук жана жасалма интеллект боюнча баштапкы билимдерди киргизүү демилгеси айтылды.

Мындан сырткары, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында «Кербен – Мамай» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачуу сунушу көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп, аларды чечүү боюнча чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден кабарлады. Маалыматка караганда, отурумда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Министрлер

Ишкер Media
Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Кыргызстанда кайра инвестицияланган пайдага, кошумча наркы жогору жана технологиялык терең кайра иштетүүгө негизделген продукцияларды чыгарган ишканаларга салык салуу эрежелерин жеңилдетүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алган жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөткөн тең салмактуу саясат жүргүзүлөрүн айтты. Анын белгилешинче, санариптик чечимдерди киргизүү

Ишкер Media
КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media