Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу таштардан тазаланды

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу таштардан тазаланды

Транспорт жана коммуникациялар тармагынын кызматкерлери Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолун таштардан тазалашты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Натыйжада жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилип, учурда каттам ачык.

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 243–296-чакырым аралыгында таш көчкү түшүп, жол кыймылына коркунуч жараткан.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун кооптуу тилкелеринде коргоочу тирөөч дубалдарды куруу иштери уланууда. Ошондой эле айдоочуларга өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жардам көрсөтүү максатында SOS белгилери орнотулуп, аларга байланыш номерлери жайгаштырылган.

Жол тейлөө кызматтары айдоочуларды аба ырайынын шарттарын эске алып, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана этият болууга чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды