Жеңил өнөр жай өндүрүмдөрүн маркалоо маселелери талкууланды

Жеңил өнөр жай өндүрүмдөрүн маркалоо маселелери талкууланды

Жеңил өнөр жай өндүрүмдөрүн ташып чыгарууда маркалоо жана шайкештигин тастыктоо талаптарын аткаруу маселелери 2-июнда Экономика жана коммерция министрлигинде өткөн кеңешмеде талкууланды.

Иш-чарага Селлерлер жана маркетплейстер ассоциациясынын өкүлдөрү, жеңил өнөр жай ишканалары жана шайкештикти баалоо органдары катышты. Аларга өндүрүм түрүнө жараша сыноолорду жүргүзүү, шайкештикти баалоо жана маркалоону колдонуу тартиби боюнча маалымат берилди.

Кеңешменин жыйынтыгында техникалык регламенттердин талаптарын так сактоо өндүрүм сапатын камсыздап, анын экспорттук рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары белгиленди. Ошондой эле бул талаптарды аткаруу товарлардын коопсуздугун камсыздоого жана өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Керимкулов Ош облусунун Ноокат районунда курулуп жаткан ири соода-логистикалык борбордун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, аталган долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара-Стоун” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткал районунда “Грант Холдинг” ЖЧКсы тарабынан кубаттуулугу 160 мегаватт болгон гидроэлектр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Чаткал райондук админстрациясынын жетекчиси Алтынбек Сеңирбаев курулуш жүрүп жаткан аймакка барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты. Аталган ири инвестициялык долбоор ишке ашкандан кийин райондун энергетикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтип,

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Климаттык иш жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган документ климаттык аракеттер жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн өлкө калкына, экономикасына жана экосистемасына тийгизген терс таасирин минималдаштырууга багытталган. Мыйзамдын негизги максаттары жана багыттары: Климаттын туруктуулугун

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

12-июлда Ош шаарынын борбордук базарындагы “Тешик-Таш” мөмө-жемиш базарынын аймагында кеңири масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жарманкеде ата мекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн жаңы, таза жашылча-жемиштерди түз, ортомчусуз жана арзан баада шаар тургундарына тартуулашат. Иш-чарага каалаган бардык дыйкандар