Баткенде мыйзамсыз курулуш үчүн 80 миң сом доо коюлду

Баткенде мыйзамсыз курулуш үчүн 80 миң сом доо коюлду

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзамсыз курулуш фактылары аныкталды.

Маалыматка ылайык, Суу-Башы айыл өкмөтүндө эки жаран айыл чарба багытындагы жер тилкелерине мыйзамсыз курулуш салганы белгилүү болгон.

Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча жарандарга жазуу түрүндө эскертүү берилип, мыйзам талаптарына ылайык ар бирине 40 миң сомдон, жалпы 80 миң сом өлчөмүндө доо коюлду.

Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык эки жаранга жалпы 6 миң сом айып салынды.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 36 чет өлкөлүк жаран аныкталганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2–3-июнь күндөрү “Нелегал-ЖККУ-2026” аталышындагы эл аралык ыкчам-профилактикалык операциясынын алкагында рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө чет өлкөлүк жумушчу күчү колдонулган 32 объект көзөмөлгө алынып, 5 өлкөдөн келген жалпысынан 768 чет элдик жарандын документтери

Жогорку Кеңеште Нидерландия менен кызматташтык маселелери талкууланды

Жогорку Кеңеште Нидерландия менен кызматташтык маселелери талкууланды

4-июнда Жогорку Кеңешнин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева Нидерланд Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Нико Схермерс менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык байланыштарын чыңдоо маселелери талкууланды. Комитет төрайымы акыркы жылдары Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин кызматташуусу жигердүү өнүгүп жатканын

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Венчурдук каржылоо жөнүндө” жана ага байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору экинчи окууда колдоо тапты. Маалыматка ылайык, венчурдук инвестицияларды стартаптарга, инновациялык долбоорлорго жана технологиялык экосистемага тартуу үчүн укуктук шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоорун 2-июнда Министрлер кабинети сунуштаган. Анын алкагында “венчурдук каржылоо”, “венчурдук инвестор”, “венчурдук фонд”

Бишкекте эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өтүүдө

Бишкекте эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өтүүдө

Бишкек шаарындагы  “Жаштык арена” спорт комплексинде Ala-Too Trade and Industry Expo 2026 эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өз ишин баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында өтүүдө. Көргөзмө ШКУга мүчө мамлекеттердин экономика министрлеринин жолугушуусунун