Бишкекте суу объекттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бишкекте суу объекттеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү сезону алдында Бишкек шаарынын Ленин районундагы бассейндер жана башка суу объекттери текшерилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын комиссия "Максимум", "Деңиз", "Новотел", "Дельфин", "Парус", "Кудайберген" жана "Өнөл" бассейндеринде текшерүү жүргүздү. Ошондой эле Чоң Чүй каналы жана үч суу сактагыч — суткалык жөнгө салуу бассейни, балык өстүрүүчү чарба жана кароосуз калган көлмө көзөмөлдөндү.

Текшерүүгө ӨКМдин райондук бөлүмүнүн, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында ар бир объект боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, кожоюндарга жана кызматкерлерге коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр берилди. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу сунушталды.

ӨКМ мындай иш-чаралар шаар тургундарынын коопсуз эс алуусун камсыздоо жана суудагы кырсыктардын алдын алуу максатында өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин Дордой конушунда 570 орундуу мектеп курулууда

Бишкектин Дордой конушунда 570 орундуу мектеп курулууда

Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги Бишкек шаарындагы Дордой конушунда 570 орундууу мектеп куруп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Бүгүнкү күндө имарттын экинчи кабатынын мамылары орнотулууда. Мектептин жалпы аянты 1810 чарчы метрди түзөт. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу

Баткенде мыйзамсыз курулуш үчүн 80 миң сом доо коюлду

Баткенде мыйзамсыз курулуш үчүн 80 миң сом доо коюлду

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзамсыз курулуш фактылары аныкталды. Маалыматка ылайык, Суу-Башы айыл өкмөтүндө эки жаран айыл чарба багытындагы жер тилкелерине мыйзамсыз курулуш салганы белгилүү болгон. Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча жарандарга жазуу түрүндө эскертүү берилип, мыйзам талаптарына ылайык ар бирине

Тоңдогу балык өстүрүүчү ишканада 4,8 млн даана икра алынды

Тоңдогу балык өстүрүүчү ишканада 4,8 млн даана икра алынды

Балык чарба комплекси департаменти 2025–2026-жылдарга карата бекитилген пландын алкагында балык ресурстарын жасалма көбөйтүү иштерин улантууда. Пландын негизинде  Тоң балык өстүрүүчү заводунун инкубациялык цехинде 4 миллион 800 миң даана карп-сазан балыгынын икрасы жасалма жол менен алынып, атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштырылды. Маалыматка ылайык, иштер Регионалдык акклиматизация бөлүмү жана балык өстүрүү жана

Оор кылмышка айыпталгандар Грузиядан Кыргызстанга алынып келинди

Оор кылмышка айыпталгандар Грузиядан Кыргызстанга алынып келинди

Башкы прокуратура Грузия жана Казакстандын компетенттүү органдары менен жүргүзгөн натыйжалуу кызматташуусунун негизинде оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган эки жаран өлкө аймагына жеткирилди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөрдүн бири Т.Ж. – адам уурдоого айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал жана анын шериктери жабырлануучуну шаардын