Экологиялык таза технологиялар үчүн жеңилдетилген насыя берилет

Экологиялык таза технологиялар үчүн жеңилдетилген насыя берилет

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги атмосфералык абанын булгануусун азайтуу жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу максатында “Абанын сапатын жакшыртуу” мамлекеттик программасы ишке ашырылып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жеңилдетилген насыялар Элдик Банк, Айыл Банк жана Бакай Банк аркылуу берилет.

Жеке жактар экологиялык таза жылытуу жана энергия системаларын орнотуу үчүн 6 пайыздык үстөк менен 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат.

Ал эми ишкерлерге өндүрүштү жаңыртуу жана энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү үчүн 10 пайыздык үстөк менен 5 миллион сомго чейин каражат берүү каралган.

Насыялар күн панелдерин, жылуулук түтүктөрүн, электр казандарын жана башка экологиялык таза жабдууларды сатып алууга багытталат.

Министрлик жарандарды жана ишкерлерди программага активдүү катышууга чакырып, бул демилге таза экологияны камсыздоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын