Интернетти өзгөчө кырдаалда чектөө боюнча мыйзам долбоору үч окуудан өттү

Интернетти өзгөчө кырдаалда чектөө боюнча мыйзам долбоору үч окуудан өттү

4-июнда Жогорку Кеңеш Санарип кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Документке ылайык, мамлекет өзгөчө кырдаалдарда, согуштук шартта же улуттук коопсуздукка коркунуч жаралган учурда интернетти жана байланыш кызматтарын убактылуу чектөөгө укук алат.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Кубанычбек Самаков интернет өчүрүлгөн шартта жарандарды эвакуациялоо кандай жүргүзүлөрүнө кызыкты.

Өз кезегинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мындай учурлар үчүн атайын механизмдер жана жабык байланыш каналдары каралганын билдирди.

Анын айтымында, чек ара жаңжалдары маалында интернет аркылуу күч түзүмдөрүнүн жайгашкан жери жана аракеттери тууралуу маалыматтар тарап, коопсуздукка коркунуч жараткан учурлар болгон.

Ошондой эле ар бир райондо жана айыл өкмөтүндө мобилизациялык даярдык системасы иштей турганы, ал эми облустук жана республикалык деңгээлде ыкчам штабдар түзүлөрү айтылды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттар тарабынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media
Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билим берүү тармагында маселелерге токтолду. Өлкө башчынын айтымында, жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат. "Булар – өз кезегинде мектептерде билим берүүгө коюлган талаптар. Мындай мектептерде STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл

Ишкер Media
Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Кыргызстанда инвестиция тартууда долбоорлордун санына эмес, алардын сапатына, экономикалык натыйжалуулугуна жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө кошкон салымына басым жасалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар тараптар көп экенин белгилеп, ар бир сунуш кылдат талданып, мамлекет жана инвестор

Ишкер Media