Кыргызстан эл аралык форумда Улуттук стендин сунуштады

Кыргызстан эл аралык форумда Улуттук стендин сунуштады

3-июнда Орусияда өткөн Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму алкагында Кыргыз Республикасы биринчи жолу өзүнүн Улуттук стендин расмий түрдө тааныштырды.

Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.

Өз сөзүндө ал бул окуя өлкөнүн экономикалык дипломатиясындагы жаңы этап экенин белгиледи.

“Петербург эл аралык экономикалык форуму сыяктуу абройлуу эл аралык жайда өзүбүздүн Улуттук стендибизди көрсөтүү биздин экономикалык дипломатиябыздын жаңы этабын билдирет. Бул Кыргызстандын дүйнөгө ачыктыгынын жана эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулганыбыздын ачык далили”, — деди Данияр Амангелдиев.

Анын айтымында, Улуттук стенд Кыргызстандын динамикалуу өнүгүүсүн, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана экономиканын негизги тармактарындагы жетишкендиктерин көрсөтүүгө багытталган. Ошондой эле ал ири эл аралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга өлкөнүн даяр экенин белгиледи.

Форумдагы кыргыз стенди эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү, инвестициялык долбоорлорду тааныштыруу жана кыргызстандык жана чет элдик бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү үчүн негизги аянтча болот.

Стенддин коноктору Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары — энергетика, туризм, санариптик экономика, өнөр жай кооперациясы жана транспорттук инфраструктура боюнча маалымат ала алышат.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден кабарлады. Маалыматка караганда, отурумда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Министрлер

Ишкер Media
Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Кыргызстанда кайра инвестицияланган пайдага, кошумча наркы жогору жана технологиялык терең кайра иштетүүгө негизделген продукцияларды чыгарган ишканаларга салык салуу эрежелерин жеңилдетүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алган жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөткөн тең салмактуу саясат жүргүзүлөрүн айтты. Анын белгилешинче, санариптик чечимдерди киргизүү

Ишкер Media
КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media