“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруудагы маселелер талкууланды

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруудагы маселелер талкууланды

4-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Манас шаарында өткөн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” эл аралык темир жолун куруу маселелерине байланышкан жыйынга катышты.

Көчмө жыйында Жалал-Абад облусу аркылуу өтө турган темир жолдун  жеринде жайгашкан турак жай ээлерине кенемте төлөө жана жер тилке маселелери талкууланып, соңунда протоколдук тапшырмалар берилди.

Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” биргелешкен компаниянын өкүлдөрү катышты.

Андан соң Жалал-Абад туннелинин курулуш иштери жүрүп жаткан объект текшерилди. Иштин жүрүшү менен таанышкан Эрлист Акунбеков бул темир жол Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө экенин белгилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагындагы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол долбоорунун жалпы узундугу 304 чакырымдан ашуун аралыкты камтып, курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт.

Темир жолдун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. Анткени жалпы узундугу болжолдуу 120 чакырымды түзгөн 50 көпүрөнүн жана 29 туннелдин курулушу каралган. Бул жалпы темир жолдун 40%зы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн тургандыгын билдирет.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 27-декабрында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышып, анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кайрылуу жасашып, бул долбоордун маанилүүлүгүнө токтолушкан.

Мындан тышкары окуңуз

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media
Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билим берүү тармагында маселелерге токтолду. Өлкө башчынын айтымында, жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат. "Булар – өз кезегинде мектептерде билим берүүгө коюлган талаптар. Мындай мектептерде STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл

Ишкер Media
Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Кыргызстанда инвестиция тартууда долбоорлордун санына эмес, алардын сапатына, экономикалык натыйжалуулугуна жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө кошкон салымына басым жасалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар тараптар көп экенин белгилеп, ар бир сунуш кылдат талданып, мамлекет жана инвестор

Ишкер Media