Эсептөө палатасы: 171 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды

Эсептөө палатасы: 171 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды

2025-жылы жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында мамлекеттик мекемелерде 1 032 мыйзам бузуу жана кемчилик аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузууларды жоюу үчүн аудиттен өткөн мекемелерге 503 жазма буйрук, 306 сунуштама жана 7 сунуш жөнөтүлгөн.

Көрүлгөн чаралардын негизинде финансылык мыйзам бузууларга жол берген 171 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылып, 14 кызмат адамы кызматынан бошотулган.

Мындан тышкары, Эсептөө палатасынын өзүндө да ички тартип боюнча чаралар көрүлүп, 30 кызматкерге сөгүш жарыяланып, 2 мамлекеттик инспектор кызматынан алынганы маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Шайлоо: БШК бир катар жарандарга эскертүү берди

Шайлоо: БШК бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактын бир катар колдонуучуларына эскертүү берди. Бул тууралуу мекемеден билдирди. Маалыматка ылайык, соцтармактын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул

Ишкер Media
1-январдан тартып бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт

1-январдан тартып бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта социалдык жөлөкпулдар, пенсиялардын айрым түрлөрү, кошумча төлөмдөр жана акчалай компенсациялар көбөйөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, бала кезинен бери майыптыгы бар жарандар үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй болот: * I топ — мурдагы 8 миң сомдун ордуна 11 миң сом; * II топ

Ишкер Media
Бишкектин жаңы аймактарында 100 чакырымга жакын жол оңдолду

Бишкектин жаңы аймактарында 100 чакырымга жакын жол оңдолду

Бишкектин жаңы аймактарында жолдорду оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, инженердик тармактарды жаңылоо жана социалдык объекттерди куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер административдик-аймактык реформанын алкагында аткарылып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жаңы аймактарда дээрлик 100 чакырым жол оңдолуп, 3 200дөн ашык жарык чекити орнотулган. Ошондой эле 57 чакырымдан

Ишкер Media
Бишкекте көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар

Бишкекте көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар. Бул тууралуу 21-октябрда мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар башчысы Айбек Жунушалиев Полевой көчөсүнүн № 1/7 жана Достоевский көчөсүнүн № 97к даректериндеги көмүр базаларында болуп, отундун запасы жана сатууга даярдыгы менен таанышты. Бишкекте жалпысынан 38 көмүр кампасы иштейт. Алардын

Ишкер Media