Шайлоо: БШК бир катар жарандарга эскертүү берди
Бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактын бир катар колдонуучуларына эскертүү берди. Бул тууралуу мекемеден билдирди.
Маалыматка ылайык, соцтармактын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди.
Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.