Бишкектин жаңы аймактарында 100 чакырымга жакын жол оңдолду

Бишкектин жаңы аймактарында 100 чакырымга жакын жол оңдолду

Бишкектин жаңы аймактарында жолдорду оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, инженердик тармактарды жаңылоо жана социалдык объекттерди куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер административдик-аймактык реформанын алкагында аткарылып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы аймактарда дээрлик 100 чакырым жол оңдолуп, 3 200дөн ашык жарык чекити орнотулган. Ошондой эле 57 чакырымдан ашык канализация тармагы курулуп, жаңыртылган.

Мындан тышкары, суу өткөргүч жана сугат тармактары, кудуктар жана насостук станциялар курулуп, жаңыланган.

Социалдык инфраструктураны өнүктүрүү багытында жаңы аймактарда 9 мектеп, бала бакчалар жана ооруканалар курулган. Ошондой эле балдар жана спорт аянтчалары, скверлер жана стадиондор пайда болгон.

Маалыматта айрым долбоорлор аяктаганы, башкалары улантылып жатканы, дагы бир бөлүгү ишке ашыруу баскычында экени белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Шайлоо: БШК бир катар жарандарга эскертүү берди

Шайлоо: БШК бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактын бир катар колдонуучуларына эскертүү берди. Бул тууралуу мекемеден билдирди. Маалыматка ылайык, соцтармактын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул

Ишкер Media
1-январдан тартып бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт

1-январдан тартып бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта социалдык жөлөкпулдар, пенсиялардын айрым түрлөрү, кошумча төлөмдөр жана акчалай компенсациялар көбөйөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, бала кезинен бери майыптыгы бар жарандар үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй болот: * I топ — мурдагы 8 миң сомдун ордуна 11 миң сом; * II топ

Ишкер Media
Бишкекте көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар

Бишкекте көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар. Бул тууралуу 21-октябрда мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар башчысы Айбек Жунушалиев Полевой көчөсүнүн № 1/7 жана Достоевский көчөсүнүн № 97к даректериндеги көмүр базаларында болуп, отундун запасы жана сатууга даярдыгы менен таанышты. Бишкекте жалпысынан 38 көмүр кампасы иштейт. Алардын

Ишкер Media
Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Ош шаарынын Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Мектеп 3 кабаттуу, жалпы аянты 8339 чарчы метр. Долбоорго ылайык ичинде: • предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, окуу залы • ашкана, компьютердик класс, дарыгер

Ишкер Media