1-январдан тартып бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт
Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта социалдык жөлөкпулдар, пенсиялардын айрым түрлөрү, кошумча төлөмдөр жана акчалай компенсациялар көбөйөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бала кезинен бери майыптыгы бар жарандар үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй болот:
- I топ — мурдагы 8 миң сомдун ордуна 11 миң сом;
- II топ — мурдагы 6,6 миң сомдун ордуна 9,6 миң сом;
- III топ — мурдагы 5,4 миң сомдун ордуна 8,4 миң сом.
Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга мурдагы 6 миң сомдун ордуна 8 миң сом төлөнөт. Багуучусунан айрылгандыгы үчүн берилүүчү жөлөкпул 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.
Жалпы оорунун кесепетинен майыптыгы бар адамдардын жөлөкпулдары да кыйла жогорулайт. I топтогу адамдар үчүн төлөм 5,5 миң сомдон 8,5 миң сомго, II топтогулар үчүн 3 миң сомдон 6 миң сомго, III топтогулар үчүн 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.
Ошондой эле "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошулуучу үстөк акы да өзгөрөт. 1-январдан тарта анын өлчөмү беш эсеге, тагыраагы миң сомдон 5 миң сомго чейин жогорулайт. Социалдык фонддун эсептөөлөрүнө ылайык, бул төлөмдү 30,6 миңден ашык аял алат.
55 жашка толгон, бирок пенсия алууга укугу жок «Баатыр эне» наамынын ээлери үчүн социалдык жөлөкпул 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.
Бийик тоолуу аймактарда жашаган жана пенсия алууга укугу жок улгайган жарандарга азыркы 2 миң сомдун ордуна 3 миң сом төлөнөт.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына берилүүчү компенсация 10 миң сомдон 11 миң сомго, согуштук аракеттерге катышкан интернационалист-жоокерлерге берилүүчү төлөм 8 миң сомдон 9 миң сомго чейин көбөйөт.