Бишкекте көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар

Бишкекте көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы көмүр базаларын кыдырып, алардын кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы Полевой көчөсүнүн № 1/7 жана Достоевский көчөсүнүн № 97к даректериндеги көмүр базаларында болуп, отундун запасы жана сатууга даярдыгы менен таанышты. Учурда шаардагы көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар.

Бишкекте жалпысынан 38 көмүр кампасы иштейт. Алардын 27–28и тиешелүү келишимдердин негизинде иш алып барат. Бул көмүрдүн запасына жана баасына көзөмөл жүргүзүүгө, ошондой эле тургундарды отун менен жеткиликтүү баада камсыз кылууга шарт түзөт.

Учурда көмүрдүн бир тоннасы 7 миң сомдон сатылууда. Мэриянын маалыматына ылайык, баа монополияга каршы жөнгө салуу талаптарына ылайык белгиленген.

Мындан тышкары, көчмө жыйында шаардагы жылуулук менен камсыздоо объектилеринин жылытуу мезгилине даярдыгы каралды. Айбек Жунушалиев шаардагы отканалар толугу менен даярдалып, жылытуу мезгилин баштоого даяр экенин белгиледи.

"Кыштын алгачкы кары жаагандан кийин дүрбөлөң жаралбашы үчүн көмүрдү алдын ала сатып алыңыздар. Кыш мезгилине өз убагында даярдануу зарыл", - деди ал.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга көмүрдүн жеткиликтүүлүгүнө жана баасына көзөмөл жүргүзүүнү улантуу, ошондой эле кыш мезгилинде борбор калаанын тургундарын жетиштүү көлөмдөгү отун менен камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

1-январдан тартып бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт

1-январдан тартып бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта социалдык жөлөкпулдар, пенсиялардын айрым түрлөрү, кошумча төлөмдөр жана акчалай компенсациялар көбөйөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, бала кезинен бери майыптыгы бар жарандар үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй болот: * I топ — мурдагы 8 миң сомдун ордуна 11 миң сом; * II топ

Ишкер Media
Бишкектин жаңы аймактарында 100 чакырымга жакын жол оңдолду

Бишкектин жаңы аймактарында 100 чакырымга жакын жол оңдолду

Бишкектин жаңы аймактарында жолдорду оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, инженердик тармактарды жаңылоо жана социалдык объекттерди куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер административдик-аймактык реформанын алкагында аткарылып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жаңы аймактарда дээрлик 100 чакырым жол оңдолуп, 3 200дөн ашык жарык чекити орнотулган. Ошондой эле 57 чакырымдан

Ишкер Media
Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Ош шаарынын Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Мектеп 3 кабаттуу, жалпы аянты 8339 чарчы метр. Долбоорго ылайык ичинде: • предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, окуу залы • ашкана, компьютердик класс, дарыгер

Ишкер Media
Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй башкармалыгы Жайыл районунун Сосновка айылындагы таштанды полигонундагы өрт боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жыйынтыкта "Таза Сосновка" муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 23 000 сом айып салынды. Мындан тышкары ишкана өкүлдөрүнө полигондо өрт чыгарбоо жана экологиялык

Ишкер Media