Ташкент — Чолпон-Ата автобус каттамы кайра ачылды

Ташкент — Чолпон-Ата автобус каттамы кайра ачылды

Ташкент — Чолпон-Ата багыты боюнча сезондук автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы каттам туристтик мезгилде Ташкент менен Ысык-Көлдөгү курорттук аймактын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташууга багытталган.

Автобустар Ташкент шаарындагы автовокзалдан жуп күндөрү каттаса, Чолпон-Атадан кайра кайтуучу каттамдар так күндөрү аткарылат.

Ташкент — Чолпон-Ата багыты боюнча билеттин баасы 365 миң сумду түзөт. Бул болжол менен 2 миң 700 сомго барабар.

💡
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров соода жана бажы саясатын жаңылоону тапшырды

Садыр Жапаров соода жана бажы саясатын жаңылоону тапшырды

Кыргызстанда ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокторго чыгаруу үчүн соода жана бажы саясаты жаңыланат. Ошондой эле товар агымдарын тейлөөнү тездетүүгө жана экспорттук системаны чыңдоого басым жасалат. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы алдыдагы беш жылда өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү экспортко багытталган сервистик-индустриалдык

Ишкер Media
Кыргызстанда экспортко багытталган өндүрүш ишканалары колдоого алынат

Кыргызстанда экспортко багытталган өндүрүш ишканалары колдоого алынат

Кыргызстанда экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүүгө, чийки затты терең кайра иштетүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгарууга басым жасалат. Бул үчүн бир катар өнөр жай тармактарындагы ишканаларга колдоо көрсөтүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, алдыдагы беш жылда экономикалык өсүштүн негизин экспортко багытталган сервистик-

Ишкер Media
Президент: Манас шаары өлкөнүн экинчи экономикалык борбору болот

Президент: Манас шаары өлкөнүн экинчи экономикалык борбору болот

Манас шаарына өлкөнүн экинчи экономикалык борбору катары өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди. "Ал өлкөнүн түштүгүндөгү негизги транспорттук-логистикалык хабга жана ишкердик борборго айланат", - деди президент. Ошондой эле өлкө башчы аймактарды өнүктүрүү деңгээлин теңдештирүү, бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү,

Ишкер Media
Кыргызстан 2030-жылга чейин жылдык экономикалык өсүштү кеминде  8% сактоону көздөйт

Кыргызстан 2030-жылга чейин жылдык экономикалык өсүштү кеминде 8% сактоону көздөйт

Кыргызстан 2030-жылдын аягына чейин ички дүң продуктунун реалдуу өсүшүн жылына кеминде 8% деңгээлинде сактоону көздөйт. Ошондой эле чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын жыл сайын 20%га көбөйтүү максаты коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы алдыдагы беш жылда өлкөнүн социалдык-экономикалык

Ишкер Media