Жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлдү

Жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлдү

Президент Садыр Жапаров жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам 2026-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Документтин негизги максаты — жол кырсыктарын азайтуу, айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү.

Мыйзамга ылайык, мас абалында унаа башкарган, жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен жана жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлөт.

Ошондой эле айрым учурларда транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу, ири өлчөмдөгү айып пул салуу жана эркинен ажыратуу чаралары каралган.
Мындан тышкары, мыйзам менен жол эрежелерин автоматтык түрдө каттоочу фото жана видео каражаттарды колдонуу тартиби өзгөртүлүп, айып тууралуу билдирүүлөрдү электрондук форматта жөнөтүү мүмкүнчүлүгү киргизилди.

Жаңы өзгөртүүлөр Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамына тиешелүү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров соода жана бажы саясатын жаңылоону тапшырды

Садыр Жапаров соода жана бажы саясатын жаңылоону тапшырды

Кыргызстанда ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокторго чыгаруу үчүн соода жана бажы саясаты жаңыланат. Ошондой эле товар агымдарын тейлөөнү тездетүүгө жана экспорттук системаны чыңдоого басым жасалат. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы алдыдагы беш жылда өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү экспортко багытталган сервистик-индустриалдык

Ишкер Media
Кыргызстанда экспортко багытталган өндүрүш ишканалары колдоого алынат

Кыргызстанда экспортко багытталган өндүрүш ишканалары колдоого алынат

Кыргызстанда экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүүгө, чийки затты терең кайра иштетүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгарууга басым жасалат. Бул үчүн бир катар өнөр жай тармактарындагы ишканаларга колдоо көрсөтүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, алдыдагы беш жылда экономикалык өсүштүн негизин экспортко багытталган сервистик-

Ишкер Media
Президент: Манас шаары өлкөнүн экинчи экономикалык борбору болот

Президент: Манас шаары өлкөнүн экинчи экономикалык борбору болот

Манас шаарына өлкөнүн экинчи экономикалык борбору катары өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди. "Ал өлкөнүн түштүгүндөгү негизги транспорттук-логистикалык хабга жана ишкердик борборго айланат", - деди президент. Ошондой эле өлкө башчы аймактарды өнүктүрүү деңгээлин теңдештирүү, бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү,

Ишкер Media
Кыргызстан 2030-жылга чейин жылдык экономикалык өсүштү кеминде  8% сактоону көздөйт

Кыргызстан 2030-жылга чейин жылдык экономикалык өсүштү кеминде 8% сактоону көздөйт

Кыргызстан 2030-жылдын аягына чейин ички дүң продуктунун реалдуу өсүшүн жылына кеминде 8% деңгээлинде сактоону көздөйт. Ошондой эле чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын жыл сайын 20%га көбөйтүү максаты коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы алдыдагы беш жылда өлкөнүн социалдык-экономикалык

Ишкер Media