Ошто мыйзамсыз курулуш аныкталып, дубалдары буздурулду

Ошто мыйзамсыз курулуш аныкталып, дубалдары буздурулду

Ош шаарында мыйзамсыз курулуп жаткан коммерциялык багыттагы объектте курулуш нормаларынын одоно бузулушу аныкталып, сапатсыз тургузулган дубалдар буздурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан коммерциялык объект текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталган.

Мындан сырткары, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптары сакталбастан, шайкештик сертификаты жок курулуш материалдары — пескоблоктор колдонулганы белгилүү болгон.

Аталган мыйзам бузууларга байланыштуу курулуш иштерин жүргүзгөн «Кунь-Лунь» ЖЧКсына мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилип, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Көзөмөлдүн жыйынтыгында курулуш талаптарын бузуу менен тургузулган дубалдар буздурулуп, объект боюнча мыйзамсыз сатуу иштери токтотулду.

Тиешелүү мекеме курулуш объектилерин көзөмөлдөө иштери мындан ары да улантыларын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин жаңы аймактарында 100 чакырымга жакын жол оңдолду

Бишкектин жаңы аймактарында 100 чакырымга жакын жол оңдолду

Бишкектин жаңы аймактарында жолдорду оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, инженердик тармактарды жаңылоо жана социалдык объекттерди куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер административдик-аймактык реформанын алкагында аткарылып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жаңы аймактарда дээрлик 100 чакырым жол оңдолуп, 3 200дөн ашык жарык чекити орнотулган. Ошондой эле 57 чакырымдан

Ишкер Media
Бишкекте көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар

Бишкекте көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы көмүр базаларын кыдырып, алардын кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар башчысы Полевой көчөсүнүн № 1/7 жана Достоевский көчөсүнүн № 97к даректериндеги көмүр базаларында болуп, отундун запасы жана сатууга даярдыгы менен таанышты. Учурда шаардагы көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык

Ишкер Media
Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Ош шаарынын Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Мектеп 3 кабаттуу, жалпы аянты 8339 чарчы метр. Долбоорго ылайык ичинде: • предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, окуу залы • ашкана, компьютердик класс, дарыгер

Ишкер Media
Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй башкармалыгы Жайыл районунун Сосновка айылындагы таштанды полигонундагы өрт боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жыйынтыкта "Таза Сосновка" муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 23 000 сом айып салынды. Мындан тышкары ишкана өкүлдөрүнө полигондо өрт чыгарбоо жана экологиялык

Ишкер Media