Чүй жана Ысык-Көлдө коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Чүй жана Ысык-Көлдө коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Чүй жана Ысык-Көл облустарында милиция кызматкерлеринин туристтик мезгилге даярдыгын текшерди.

Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасы, саптык даярдыгы жана жарандар менен иштөө маданияты өзгөчө көңүл борборунда болду.

Ошондой эле жолдо жүргөн айдоочуларга ылдамдыкты ашырбоо, каршы тилкеге чыкпоого байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Туристтер үчүн маалыматтык баракчалар да даярдалганы айтылды.

Министрдин орун басары жол кырсыктарын алдын алуу максатында кооптуу тилкелерди кайрадан талдап чыгууну жана кошумча көзөмөл кылууну тапшырды.

Ал ошондой эле кызматкерлерге жарандарга сылык жана маданияттуу мамиле кылуунун маанилүүлүгүн белгилеп, жол коопсуздугун камсыздоодо заманбап технологияларды натыйжалуу колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК комитети жашы жете электердин чет өлкөлөргө чыгуусун жөнгө салуучу мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети жашы жете электердин чет өлкөлөргө чыгуусун жөнгө салуучу мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети 6-октябрда жашы жете электердин чет өлкөлөргө чыгуусун жөнгө салуучу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети тарабынан кабыл алынды. Юстиция министрлигинин орун басары Кубан Казаков билдиргендей айрым мыйзам чыгаруу

Ишкер Media
"Локомотив" комплексинде муз тебүүчү аянтча ачылды

"Локомотив" комплексинде муз тебүүчү аянтча ачылды

Бүгүн, 6-октябрда "Локомотив" спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде муз тебүүчү аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынан билдиришет. Жаңы сезондун ачылышы менен "Локомотив" спорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси балдарды, чоңдорду активдүү эс алууга чакырат. Бул жерде көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий жана

Ишкер Media
Туристтик саякат сунуштаган алдамчылык көбөйдү

Туристтик саякат сунуштаган алдамчылык көбөйдү

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы жарандарды туристтик сапарларды, эс алууну жана туристтик жолдомолорду сатып алууну сунуштоо менен байланышкан алдамчылык фактылары көбөйүп жатканы тууралуу эскертүү таратты. ИИМдин маалыматына караганда, алдамчылар социалдык тармактарга жана мессенджерлерге чет өлкөгө “пайдалуу баада” саякаттап келүүнү сунуштаган жарыяларды жайгаштырышат. Анда авиабилеттер,

Ишкер Media
Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда

Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айыл аймагында жаңы экономикалык долбоор башталды. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги билдирди. НПИС алкагында "Жем жемиштерди кайра иштетүү цехин куруу" долбоору ишке киргизилди. Анын максаты - жергиликтүү дыйкандардын продукциясын чийки зат катары эмес, кайра иштетип, кошумча нарк менен сатуу. Маалым болгондой,

Ишкер Media