Экономика министрлигинде коррупциялык тобокелдиктер талданды

Экономика министрлигинде коррупциялык тобокелдиктер талданды

12-июнда Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери үчүн "Мамлекеттик сектордогу коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу" темасында семинар уюштурулду. Иш-чараны Башкы прокуратурасынын өкүлү Назгүл Сыдыгалиева өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, семинар коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биринчи жыйынынын алкагында өттү.

Анын жүрүшүндө катышуучулар коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу механизмдери, ошондой эле жемкорлукту алдын алууга багытталган заманбап ыкмалар тууралуу маалымат алышты.

Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө өздөрү аткарып жаткан кызматтарды, административдик жол-жоболорду жана иштерди талдап чыгып, мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктер боюнча сунуштарды даярдоо милдети жүктөлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда

Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айыл аймагында жаңы экономикалык долбоор башталды. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги билдирди. НПИС алкагында "Жем жемиштерди кайра иштетүү цехин куруу" долбоору ишке киргизилди. Анын максаты - жергиликтүү дыйкандардын продукциясын чийки зат катары эмес, кайра иштетип, кошумча нарк менен сатуу. Маалым болгондой,

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук качан бериле турганы айтылды

Бишкекте жылуулук качан бериле турганы айтылды

Бишкек шаарында жылуулук берүү алдынкы күндөрдөгү аба-ырайына байланыштуу болот. Бул тууралуу "Ишкер медиасына" Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, өлкөдө 5 күн менен катары аба-ырайы +8 градустан төмөн болгон учурда бериле баштайт. Ошондой эле, муниципалдык ишканалардын бардыгы шаардын объектилерине жылуулукту өз убагында туташтырууга толук даяр экени

Ишкер Media
Кыргызстанда органикалык айыл чарба аянты 101 миң гектардан ашты

Кыргызстанда органикалык айыл чарба аянты 101 миң гектардан ашты

Жыл башында бул көрсөткүч 61,5 миң гектарды түзгөн. 2029-жылга чейин аны 200 миң гектарга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 2026-жылы тармакта бир катар чечимдер кабыл алынды: Президенттин Жарлыгы менен сентябрь айынын акыркы жума күнү Улуттук органикалык айыл чарба күнү болуп белгиленди. 2025-2029-жылдарга

Ишкер Media
Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт

Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт

“Бишкек Аренанын” ачылышынан кийин, 18-октябрда өтө турган Шакиранын концертине - акысыз билет же чакыруу сурап өкмөт өкүлдөрүнө кайрылгандар көп болуп жатат. Ушундан улам Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков өзүнүн баракчасында, Шакиранын концертине акысыз билет жана чакыруу болбостугун билдирди. Дайыр Орунбековдун айтымында, Шакиранын келип, концерт коюшу коммерциялык жана киреше

Ишкер Media