“Каракол” аэропортунун учуп-конуу тилкесинин сапаты текшерилди

“Каракол” аэропортунун учуп-конуу тилкесинин сапаты текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери “Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесиндеги асфальт жабуусунун сапатына көзөмөл жүргүзүштү.

Текшерүүдө жабуунун сапаттык көрсөткүчтөрүн аныктоо үчүн асфальттын керн үлгүлөрү алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.

Аталган сыноолордун жыйынтыгы аткарылган иштердин сапатын жана алардын ченемдик-техникалык талаптарга шайкештигин баалоого мүмкүндүк берет.

Адистердин айтымында, мындай көзөмөлдөө иш-чаралары курулуш жана инфраструктуралык объектилердин ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыздоо максатында туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.

Белгилей кетсек, “Каракол” эл аралык аэропортундагы жаңылоо иштеринин сапатын текшерүү авиациялык инфраструктуранын талаптарга жооп беришин камсыздоодо маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын

Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 105 гектар жерге өндүрүш аймагы курулат

Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 105 гектар жерге өндүрүш аймагы курулат

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Коргоо министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жаңы өндүрүш аймагын жайгаштырууга ылайыктуу жер тилкелерин көрүп чыкты. Калаа жетекчилигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 105 гектар жерге жаңы өндүрүш аймагын куруу көздөлүүдө. Учурда аймактын мүмкүнчүлүктөрү жана анда жайгаштырыла турган жайлардын багыттары такталып жатат. Белгиленгендей, долбоор

Чувашиядан Кыргызстанга асыл тукум мал алып келүү маселеси талкууланды

Чувашиядан Кыргызстанга асыл тукум мал алып келүү маселеси талкууланды

Бүгүн Айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Чуваш Республикасынын айыл чарба министри Андрей Макушев менен видеоконференция өткөрдү. Жолугушууда Чувашиядан Кыргызстанга голштино-фриз породасындагы асыл тукум кунаажындарды жана бордоого арналган букаларды экспорттоо маселеси талкууланды. Тараптар ветеринардык талаптарды, логистиканы жана экспорттук көлөмдөрдү макулдашуу маселелерин карашты. Ошондой эле Чувашиянын аймагында