Мугалимдердин жайкы өргүүсүнө 14 миллиард сом бөлүндү

Мугалимдердин жайкы өргүүсүнө 14 миллиард сом бөлүндү

Быйыл мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттын көлөмү кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, педагогдордун эмгек акысы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта орточо 100 %га жогорулатылган. Ушуга байланыштуу мугалимдердин эмгек өргүү төлөмдөрүн өз убагында каржылоо үчүн 14 миллиард сом бөлүндү.

Эмгек өргүүсүнүн акысы акыркы үч айдагы орточо айлык маянанын негизинде эсептелгендиктен, эмгек акынын өсүшү төлөмдөрдүн көлөмүнө түздөн-түз таасир эткен. Натыйжада жаңыдан ишке орношкон мугалимдердин өргүү төлөмү 57 миң сомдон башталса, тажрыйбалуу окутуучулардыкы 200 миң сомго чейин жетүүдө.

Мындан тышкары, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда иштеген мугалимдерге негизги 56 күндүк эмгек өргүүсүнө кошумча 12 күн берилет.

Министрликтин маалыматына караганда, эмгек өргүү төлөмдөрүнүн өз убагында берилиши мугалимдерге жайкы эс алуусун пландаштырууга жана үй-бүлөлүк чыгымдарын жабууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Ош шаарынын Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Мектеп 3 кабаттуу, жалпы аянты 8339 чарчы метр. Долбоорго ылайык ичинде: • предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, окуу залы • ашкана, компьютердик класс, дарыгер

Ишкер Media
Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй башкармалыгы Жайыл районунун Сосновка айылындагы таштанды полигонундагы өрт боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жыйынтыкта "Таза Сосновка" муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 23 000 сом айып салынды. Мындан тышкары ишкана өкүлдөрүнө полигондо өрт чыгарбоо жана экологиялык

Ишкер Media
Экологиялык талаптарды аткарылбагандыгына үчүн айыл өкмөтүнө 13 000 сом айып пул салынды

Экологиялык талаптарды аткарылбагандыгына үчүн айыл өкмөтүнө 13 000 сом айып пул салынды

Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн таштанды таштоочу жайынын экологиялык паспортунун колдонуу мөөнөтү узартылган эмес, аталган айыл өкмөтүнө буга чейин регионалдык башкармалык тарабынан беш пункттан турган эскертме берилген. Бирок талаптар аткарылбагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнө 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен

Ишкер Media
Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Нукура Про" ЖЧКсынын башкы директору Гүлзада Сарыбаева жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Анвар Меделбек уулу менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, тараптар Чүйдүн Шопоков шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышын талкуулашты. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү

Ишкер Media