Бишкектеги “Алтын Така” мал базарында пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү

Бишкектеги “Алтын Така” мал базарында пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү

Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу министрдин тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарындагы ”Алтын Така” мал базарында пландан тышкаркы мониторинг жүргүздү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө ветеринардык лабораториянын жана ветеринардык дарыкананын ишмердүүлүгү, малдарды ветеринардык коштоочу документтер менен камсыздоо, ошондой эле базардын санитардык абалы текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышын күчөтүү, аймактагы тартипти жана тазалыкты жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, учурда өлкөнүн бардык аймактарындагы мал базарларында жана азык-түлүк базарларында мониторингдик иштер жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы көзөмөл иш-чаралары мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы "Ош" базары толугу менен мамлекетке таандык болот

Жаңы "Ош" базары толугу менен мамлекетке таандык болот

Жаңы "Ош" базары 100% мамлекетке таандык болот. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев базардын курулушу менен таанышуу учурунда билдирди. Иш башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда жаңы базардын курулушу болжол менен 90%га аткарылды. Каныбек Туманбаевдин айтымында, базардын ишмердүүлүгү толугу менен санариптик форматка өткөрүлөт. Базар администрациясы менен соодагерлердин

Эмгек министрлиги жарандарды кабыл алып, маселелерин укту

Эмгек министрлиги жарандарды кабыл алып, маселелерин укту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар турак жай, жер жана мүлк маселелери, балдарына байланыштуу укуктук маселелер, жеке мүнөздөгү кайрылуулар, ошондой эле кохлеардык аппарат менен камсыз кылуу боюнча көйгөйлөрүн билдиришти. Ар бир кайрылуу боюнча жарандарга

Кара-Көлдө айыл чарба жерине мыйзамсыз салынган объект боюнча иш козголду

Кара-Көлдө айыл чарба жерине мыйзамсыз салынган объект боюнча иш козголду

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында айыл чарба багытындагы жер тилкесине тиешелүү уруксат документтери жок курулган мыйзамсыз объект буздурулду. Бул тууралуу калаа жетекчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталаган жердин жалпы аянты 152 чарчы метрди түзөт. Учурда мыйзамсыз курулуш буздурулуп, жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-

Транспорт тармагына квалификациялуу кадрларды даярдоо күчөтүлөт

Транспорт тармагына квалификациялуу кадрларды даярдоо күчөтүлөт

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, транспорт тармагын квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу маселеси талкууланды. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууга транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Кубанычбек Турганбаев катышты. Транспорт тармагында жол жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, коопсуздукту камсыздоо жана заманбап технологияларды киргизүүгө байланыштуу