Борбордук Азия жана ШКУнун кызматташтыгы боюнча эл аралык конференция өттү

Борбордук Азия жана ШКУнун кызматташтыгы боюнча эл аралык конференция өттү

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 12-июнда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн "Борбордук Азия – ШКУнун өзөгү: тынчтык жана биргелешкен өнүгүү мейкиндиги" аттуу конференцияга катышты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Борбордук Азиянын ролун чыңдоо, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Өз сөзүндө Медер Абакиров Борбордук Азия ШКУнун өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлеп, ишенимдин, ынак коңшулуктун жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын маанилүү мейкиндиги болуп каларын белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын ШКУга төрагалыгына өзгөчө көңүл бурулуп, ал «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай бирге» деген ураан алдында өтүп жатканы айтылды.

Кыргыз тарап уюмду мындан ары чыңдоо жана анын күн тартибин конкреттүү мазмун менен толтуруу боюнча иш алып барарын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстан жыл сайын жылытуу мезгилине жакындаганда бир эле суроого туш болот: кышында электр энергиясы жетеби? Акыркы жылдары өлкөнүн энергетика системасына күч келүүдө. Беш жыл ичинде гидроэлектр станцияларынын энергетикалык баланстагы үлүшү 90 пайыздан 70 пайызга чейин төмөндөсө, 2021-жылдан бери электр энергиясынын импорту дээрлик он эсеге өскөн. Мындай шартта Кыргызстан үчүн

Ишкер Media
Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Октябрь районундагы С. Күмүшалиева көчөсүнүн реконструкциясын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, оңдолгон тилкенин узундугу 570 метр, туурасы 7 метр. Эки тарабына 1,5 метрден тротуар салынып, суу агызуучу лоток жана бордюрлар орнотулган. Тургундар мэрге ыраазычылык билдирип, жол жаңыргандан кийин айдоочулар ылдамдыкты ашырып жатканын

Ишкер Media
Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны  көбөйтүү сунушталууда

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда

Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды. Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй: * Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,

Ишкер Media
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media