Н. Орунтаев Токмоктогу жаңы стадиондун курулушун текшерди

Н. Орунтаев Токмоктогу жаңы стадиондун курулушун текшерди

Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, алардын бири Токмок шаарында курулуп жаткан жаңы стадиондун курулушу. Долбоорго ылайык стадион 3000 көрүүчүгө ылайыкталган.

Текшерүү учурунда министр курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнүн так сакталышына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, долбоор №8 мектептин базасында ишке ашырылууда. Стадиондо заманбап трибуналар, кийим алмаштыруучу жана жуунуучу бөлмөлөр, медициналык пункт, медиа борбор жана башка керектүү жайлар каралган.

Объект пайдаланууга берилгенден кийин аймактагы спорттук инфраструктуранын өнүгүшүнө салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстан жыл сайын жылытуу мезгилине жакындаганда бир эле суроого туш болот: кышында электр энергиясы жетеби? Акыркы жылдары өлкөнүн энергетика системасына күч келүүдө. Беш жыл ичинде гидроэлектр станцияларынын энергетикалык баланстагы үлүшү 90 пайыздан 70 пайызга чейин төмөндөсө, 2021-жылдан бери электр энергиясынын импорту дээрлик он эсеге өскөн. Мындай шартта Кыргызстан үчүн

Ишкер Media
Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Октябрь районундагы С. Күмүшалиева көчөсүнүн реконструкциясын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, оңдолгон тилкенин узундугу 570 метр, туурасы 7 метр. Эки тарабына 1,5 метрден тротуар салынып, суу агызуучу лоток жана бордюрлар орнотулган. Тургундар мэрге ыраазычылык билдирип, жол жаңыргандан кийин айдоочулар ылдамдыкты ашырып жатканын

Ишкер Media
Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны  көбөйтүү сунушталууда

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда

Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды. Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй: * Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,

Ишкер Media
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media