Сулайман-Тоодогу көрүстөндөрдүн темир тосмолору алынууда

Сулайман-Тоодогу көрүстөндөрдүн темир тосмолору алынууда

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо музей-комплексинин коргоо аймагында жайгашкан көрүстөндөрдөгү темир тосмолорду демонтаждоо иштери башталды. Бул чечим Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынган.

Музей-комплекстин маалыматына ылайык, иштер өрт коопсуздугун камсыз кылуу, Сулайман-Тоонун өзгөчө экосистемасын сактоо, ошондой эле көрүстөндөрдүн аймагын тазалоо жана көрктөндүрүү максатында жүргүзүлүүдө.

Буга чейин коргоо аймагындагы көрүстөндөрдү тартипке келтирүү үчүн атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Анын курамына министрликтердин өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы, окумуштуулар жана музейдин адистери кирген.

Комиссия жүргүзгөн талдоонун жыйынтыгында белгиленген талаптарга жооп бербеген курулмаларды этап-этабы менен алып салуу зарыл деген бүтүм чыгарылган.

Иштер аяктагандан кийин жооптуу органдар дүйнөлүк мааниге ээ болгон объекттин аймагын сактоо жана көрктөндүрүү боюнча кошумча чараларды улантарын билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстан жыл сайын жылытуу мезгилине жакындаганда бир эле суроого туш болот: кышында электр энергиясы жетеби? Акыркы жылдары өлкөнүн энергетика системасына күч келүүдө. Беш жыл ичинде гидроэлектр станцияларынын энергетикалык баланстагы үлүшү 90 пайыздан 70 пайызга чейин төмөндөсө, 2021-жылдан бери электр энергиясынын импорту дээрлик он эсеге өскөн. Мындай шартта Кыргызстан үчүн

Ишкер Media
Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Октябрь районундагы С. Күмүшалиева көчөсүнүн реконструкциясын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, оңдолгон тилкенин узундугу 570 метр, туурасы 7 метр. Эки тарабына 1,5 метрден тротуар салынып, суу агызуучу лоток жана бордюрлар орнотулган. Тургундар мэрге ыраазычылык билдирип, жол жаңыргандан кийин айдоочулар ылдамдыкты ашырып жатканын

Ишкер Media
Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны  көбөйтүү сунушталууда

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда

Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды. Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй: * Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,

Ишкер Media
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media