Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга коюлган чектөө узарды

Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга коюлган чектөө узарды

Министрлер кабинети Токтогул суу сактагычында суу жетиштүү көлөмдө топтолгонго чейин электр энергиясын көп керектеген жаңы объекттерди тармакка кошууга киргизилген чектөөнү күчүндө калтырды. Бул тууралуу өкмөттүн 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кабыл алган токтомунда көрсөтүлөт.

Токтомдо калкты электр энергиясы, жаратылыш газы жана көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча даярдык чаралары каралган.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жетишсиз болуп жаткандыктан, электр энергиясын көп талап кылган өндүрүш ишканаларын жана үч фазалуу электр жылытуу системасын пайдаланган турак үйлөрдү электр тармагына жаңыдан кошууга тыюу салынган тартип сакталат.

Мындай чаралар Кыргызстандын дарыяларындагы суунун агымынын азайышы жана аймактагы жалпы климаттык кырдаал менен түшүндүрүлгөн. Буга чейин да суу сактагычтагы суунун деңгээли төмөн болгонуна байланыштуу ушундай эле чектөөлөр киргизилген.

Адистердин пикиринде, Токтогулдагы суунун көлөмү — өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн негизги көрсөткүчтөрдүн бири.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстан жыл сайын жылытуу мезгилине жакындаганда бир эле суроого туш болот: кышында электр энергиясы жетеби? Акыркы жылдары өлкөнүн энергетика системасына күч келүүдө. Беш жыл ичинде гидроэлектр станцияларынын энергетикалык баланстагы үлүшү 90 пайыздан 70 пайызга чейин төмөндөсө, 2021-жылдан бери электр энергиясынын импорту дээрлик он эсеге өскөн. Мындай шартта Кыргызстан үчүн

Ишкер Media
Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Октябрь районундагы С. Күмүшалиева көчөсүнүн реконструкциясын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, оңдолгон тилкенин узундугу 570 метр, туурасы 7 метр. Эки тарабына 1,5 метрден тротуар салынып, суу агызуучу лоток жана бордюрлар орнотулган. Тургундар мэрге ыраазычылык билдирип, жол жаңыргандан кийин айдоочулар ылдамдыкты ашырып жатканын

Ишкер Media
Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны  көбөйтүү сунушталууда

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда

Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды. Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй: * Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,

Ишкер Media
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media